http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Балыкчыдагы 3 айдан бери оңдолбогон жол өтмөктүн абалы

Элдик репортер: Балыкчыдагы 3 айдан бери оңдолбогон жол өтмөктүн абалы

27 Дек 2018 , 11:57 259

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балыкчы шаарынын тургуну борбордук көчөлөрдүн бириндеги абалды видеого тартып жөнөткөн. Шаар тургунунун пикиринде, жөө адамдар өтүүчү өтмөктө болгон жол кырсыгында жолдун чекелери бузулуп, кийин оңдоо иштери аткарылбай калган. Ошондой эле, өтмөктү жарыктандыруу да коюлган эмес. 

"Өтмөктө жарык коюлган эмес, караңгы. Жол кырсыгынан кийинки абал да оңдолбостон 3 айдан бери казылган боюнча турат. Караган киши жок. Ошол коюп кеткен кишини таап, оңдотсо жакшы болмок. Бул жердеги өтмөктөн өттүүдө унаалар токтошпойт, араң өтөсүн. Бир чети караңгы болгондуктан, өтүүгө кыйын",- деген пикирин тасма аркылуу тастыктап видео жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате