http://www.ktrk.kg/Кыргыз радиосунун "Эргиме" музыкалык долбоору жеңүүчүлөрүн сыйлады

Кыргыз радиосунун "Эргиме" музыкалык долбоору жеңүүчүлөрүн сыйлады

27 Дек 2018 , 14:20 3054

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын курамына кирген Кыргыз радиосунун "Эргиме" музыкалык долбоору жыйынтыкталды. Бүгүн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктарын алышты. 

Долбоорго жалпысынан үч жүздөн ашык өнөрпоз катышкан. Калыстардын элегинен өтүп, финалга чыккан ырчылар угармандардын сынына коюлуп, 6 номинация жана баш байге үчүн ат салышты. 

Бул сапар жалпысынан 125 адам тандалып, "Эргүү", "Арген үн", "Булбул үн", "Эл шайыры", "Жалындат", "Көкөлө" аттуу наамдары менен сыйланды.

Новости по дате