http://www.ktrk.kg/Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин отуруму өттү

Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин отуруму өттү

27 Дек 2018 , 14:45 1233

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Жыйындын жүрүшүндө суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган эки инвестициялык долбоор, ошондой эле "Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында ГЭСти иштетүүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын Планын каржылоо долбоору каралды. Талкуулардын жүрүшүндө Өкмөт башчы насыяларды кайтаруунун натыйжалуу жолдорун иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

"Мындан ары бизде милдеттүү түрдө дал ушундай механизм болушу керек. Бул бизден кийин келүүчүлөрдүн көйгөйү деп ойлобошубуз кажет. Келечекте биздин балдарыбызга күчтүү экономика, кубаттуу өлкө калтырбасак, алар бул жүктү кантип көтөрүшөт? Мисалы, учурда, биздин салык төлөөчүлөр дээрлик качандыр бир алган насыяларын төгүп жатышат. Ошондуктан биз насыялар боюнча акча каражаттарын кайтаруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу маселесин өзгөчө дыкат карап чыгууга тийишпиз", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен жактыруу чечимин кабыл алышты.


Новости по дате