http://www.ktrk.kg/Россия - Кыргыз өнүктүрүү фонду насыя түрүндө каражат бөлдү

Россия - Кыргыз өнүктүрүү фонду насыя түрүндө каражат бөлдү

27 Дек 2018 , 15:04 760

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россия - Кыргыз өнүктүрүү фонду үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата насыя түрүндө 294 миллиондон ашуун доллар каражат бөлдү. Маалым болгондой, Фонд Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенинен кийин түзүлгөн. 

Анын Уставдык капиталы 500 миң доллар. Жалпы жонунан 1 миң 630 долбоор жактырылганы айтылды. Анын дээрлик үчтөн бири же 31 пайызы өндүрүшкө бөлүнсө, 23,2 пайызы агроөнөр жайды өнүктүрүү үчүн жазылган бизнес-долбоорлорго берилген. 

Каражат бөлүнгөн ири тармактардын катарында транспорт жана соода бар.

Новости по дате