http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Көк-Жар конушундагы жолду тарыткан үйлөр

Элдик репортер: Көк-Жар конушундагы жолду тарыткан үйлөр

27 Дек 2018 , 18:29 347

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Көк-Жайык көчөсүндө бир нече үй мыйзамсыз аянтын кеңейтип алышкан. Анын айынан быйыл киргизилген көгултүр от дагы толук тартылбай, орто жолдо калып калды. Мэрияга 2 жолу кат менен кайрылып, мындай өзүм билемдикке чара көрүүнү суранганбыз. Бирок чара көрүлмөк тургай, аракет болгонун да байкаган жокпуз. Маалымат булактарынан ушундай мыйзамсыз аянтын кеңейткендерге же турак жай куруп алгандарга чара көрүлүп жатканын угуп, көрүп калабыз. Бирок андай жазалар кимдерге колдонулат? - деп суроо салат маалымат жөнөткөн окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате