http://www.ktrk.kg/Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү

Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү

27 Дек 2018 , 0:19 638

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылдын 1-январынан тарта сот укук реформасынын алкагындагы жаңы кодекстер жана мыйзамдар ишке киргизилет. Аларды иш жүзүндө колдонууга мезгил келип, даярдыктар соңуна чыкканын Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында билдирди. Өлкө башчысы кодекс жана мыйзамдар гуммандуулукка, судьялардын ишин ачык-айкын жүргүзүүгө багытталганын белгилеп, реформалардын алкагында бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, пробация сыяктуу жаңы институттар ишке кирерин эске салды.

Сот укук реформасынын алкагында иштелип чыккан жаңы кодекстер жана мыйзамдардын күчүнө кирерине туура беш күн калды. Жаңы жылдан тарта өлкө жаңы укуктук мейкиндикте жашай баштайт. Өлкө башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кире турганын эске салды. Бүгүнкү карала турган маселелердин өзөгү да жаңы эреже тартип менен иштөө, ага карата сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын даярдыгы.

Жаңы кодекс жана мыйзамдарга ылайык жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алар: бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар. Сот-укуктук реформасына мониторинг жүргүзүү боюнча буга чейин Эксперттик жумушчу топ да түзүлүп, ал президенттин тапшырмасы боюнча 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөрүп, бардык аймактарда мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. 



Жаңы кодекс, мыйзамдарды ишке киргизүүгө тиешелүү укук коргоо органдарынын, аткаруу бийлигинин даярдагы тууралуу вице-премьер министр Жеңиш Разаков баяндама жасады. Анын айтымында, сот укук реформасынын алкагында 10дон ашык мыйзамдарга өзгөртүүлөр даярдалып, өкмөттүн 25 токтом долбоору чыккан. Ушул кезде анын 13ү кабыл алынды. 13 миңден ашык кызматкерлер окуудан өткөрүлүп, жогорку квалификациядагы 44 адис даярдалган. Ал эми реформаны каржылоого быйыл кошумча 264 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт тиешелүү органдар жаңы кодекстер менен иштөөгө даяр экенин билдирди.

Реформалардын маанилүү бөлүгү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү болууда. Аны иш жүзүндө колдонуу, ага карата даярдыктар тууралуу күч органдарынын жетекчилери маалымат беришти.

Эл өкүлү Тынчтык Шайназаров жаңы эреже тартиптерди ишке киргизүүдө айрым тобокелчиликтер бар экенин белгиледи. Маселен техника иштен чыгып калган жагдайда кандай иш аракеттер көрүлөрүнө кызыкты. Ал кандай гана тоскоолдук болбосун башталган иш аягына чыгышы керек деп эсептейт. 

Өлкө башчысы мамлекеттик мекемелердин ишинде айрым кемчиликтер бар экенин белгиледи. Айтымында, сот, укук коргоо жана көзөмөл органынын кызматкерлери укуктук нормативдик актыларды жатка билиши керек. Реформа жүзөгө ашпай, тоскоолдукка учураса - ар бириңер керт башыңар менен жооп бересиңер”, - деп белгиледи.

Ал аталган мамлекеттик органдарга жардам катары тиешелүү жумушчу топ түзүлүп, республиканын бардык облустарында көчмө жыйындарын өткөргөнүн эске салды. Айтымында, көп жерде, айрыкча аймактарда иш кагаз жүзүндө гана болуп, реформага кайдыгер мамиле кылып жаткандар билинди.

Бул сот укук реформасынын мурдагылардан негизги айырмасы, жаңы кодекс мыйзамдар гуммандууллукка, гуммандуулуукка, судьялардын ишин ачык-айкын жүргүзүүгө багытталган. Айрым чоң эмес кылмыштардын жаза мөөнөттөрүн азайтуу каралган.

Талкууда соттук реформа боюнча Кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер чыгып сүйлөштү. Юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова сот укук реформасы жаатында, анын ичинен кылмыш жаза кодексин гуммандаштыруу боюнча өтө көлөмдүү иштер жасалганын белгиледи.

Адистер азыркы учурда сот процесстеринин жылдап созулганы, же болбосо сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын туура эмес чечимдеринин айынан күнөөсүз абактарда отургандардын маселесине токтолушту.

Сот реформасынын алкагындагы дагы бир өзгөрүү- райондор аралык соттор жоюлуп, административдик соттордун түзүлүшү. Буга багытталган мыйзам долбоору азыркы учурда Жогорку Кеңештин кароосунан өтүүдө.

Мамлекет башчысы анын эл менен болгон жолугушууларында мамлекеттик мекемелер, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча өтө көп кайрылуулар жана даттануулар түшүп жатканын айтты. Карапайым калктын күч органдарынын жүрүм-турумуна нааразылыгы дагы деле күч.

Өлкө башчысы жаңы укуктук нормативдик актылардын ишке кирерине саналуу гана күндөр калганын дагы бир жолу эскертип, аны ишке киргизүү жана андан ары жакшыртуу иштери токтобош кере деп баса белгиледи. Жыйындын жыйынтыгы менен сунуштар эске алынып, соттук реформа боюнча Кеңештин чечиминин долбоору кабыл алынды. Муктаждыкка жараша соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны кайсы убакта болбосун өткөрүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынары айтылды. 



Сот укук реформасынын алкагында иштелип чыккан жаңы кодекстер жана мыйзамдардын күчүнө кирерине туура беш күн калды. Жаңы жылдан тарта өлкө жаңы укуктук мейкиндикте жашай баштайт. Өлкө башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кире турганын эске салды. Бүгүнкү карала турган маселелердин өзөгү да жаңы эреже тартип менен иштөө, ага карата сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын даярдыгы.

Жаңы кодекс жана мыйзамдарга ылайык жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алар: бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар. Сот-укуктук реформасына мониторинг жүргүзүү боюнча буга чейин Эксперттик жумушчу топ да түзүлүп, ал президенттин тапшырмасы боюнча 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөрүп, бардык аймактарда мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Жаңы кодекс, мыйзамдарды ишке киргизүүгө тиешелүү укук коргоо органдарынын, аткаруу бийлигинин даярдагы тууралуу вице-премьер министр Жеңиш Разаков баяндама жасады. Анын айтымында, сот укук реформасынын алкагында 10дон ашык мыйзамдарга өзгөртүүлөр даярдалып, өкмөттүн 25 токтом долбоору чыккан. Ушул кезде анын 13ү кабыл алынды. 13 миңден ашык кызматкерлер окуудан өткөрүлүп, жогорку квалификациядагы 44 адис даярдалган. Ал эми реформаны каржылоого быйыл кошумча 264 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт тиешелүү органдар жаңы кодекстер менен иштөөгө даяр экенин билдирди.

Реформалардын маанилүү бөлүгү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү болууда. Аны иш жүзүндө колдонуу, ага карата даярдыктар тууралуу күч органдарынын жетекчилери маалымат беришти.

Өлкө башчысы мамлекеттик мекемелердин ишинде айрым кемчиликтер бар экенин белгиледи. Айтымында, сот, укук коргоо жана көзөмөл органынын кызматкерлери укуктук нормативдик актыларды жатка билиши керек. Реформа жүзөгө ашпай, тоскоолдукка учураса - ар бириңер керт башыңар менен жооп бересиңер”, - деп белгиледи.

Ал аталган мамлекеттик органдарга жардам катары тиешелүү жумушчу топ түзүлүп, республиканын бардык облустарында көчмө жыйындарын өткөргөнүн эске салды. Айтымында, көп жерде, айрыкча аймактарда иш кагаз жүзүндө гана болуп, реформага кайдыгер мамиле кылып жаткандар билинди.










Новости по дате