http://www.ktrk.kg/Борбор калаанын кичинекей тургундары шаар башчысынын балаты майрамына катышты

Борбор калаанын кичинекей тургундары шаар башчысынын балаты майрамына катышты

27 Дек 2018 , 0:18 624

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек мэриясы балдарга балаты майрамын уюштурду. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп, ага миңден ашык жаш жеткинчектер катышты. Жыл сайын өтүүчү калаа башчысынын балаты майрамына бул ирет мектепте мыкты окугандар, шаардык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү да чакырылган.

Көңүлдүү ыр-бий, кооз кийинишкен балдар жана жагымдуу маанай - мунун баары камтылган иш-чара улуттук филармониянын залын шаңга бөлөп турду. Жыл ичинде мектептин алдыңкы окуучулары, спорттук иш-чаралардын жана олимпиадынын жеңүүчүлөрү, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган балаты майрамына 1000ден ашык жеткинчек катышты.

Майрамдык балаты жогорку уюшулгандык менен өтүп, залда отурган балдардын көпчүлүгү шаңга бөлөнүп, сахнадагыларды коштоп бийлешти.

Майрамга келген балдар Аяз атага жазган өтүнүчтөрү чекесинен орундалып жатканын айтышып, жаңы жылдык кубанычтарын бөлүштү.

Бишкек мэриясы быйыл балдар үчүн дагы бир балаты майрамын уюштурат. 29-декабрда боло турган иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган 800 бала чакырылат.

Жаш конокторго “Таберик” музыкалык балдар театры “Жаңы жыл - кайра жаңылануу” деп аталган концертин тартуулады. Программада заманбап бийлер бийленип, жомоктор көрсөтүлүп, ар улуттун кийимин кийген жаш өнөрпоздор бий бийлешти. Соңунда ар бир окуучу калаа башчынын жаңы жылдык белектерине ээ болду.



Новости по дате