http://www.ktrk.kg/Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине эмгек акы төлөнө баштайт

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине эмгек акы төлөнө баштайт

28 Дек 2018 , 10:56 2188

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылдан баштап, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан ата-энелерге 5 миң сомдон айлык акы төлөнө баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. 2018-жылы мамлекеттик жөлөк пулду төлөөгө республикалык бюджеттен 6 млрд сомдон ашык каражат сарпталган. 

Бүгүнкү күндө бардык социалдык төлөмдөр толугу менен аткарылгандыгын билдирген Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров учурда 425 миң 441 жаран мамлекеттик жөлөк пул аларын билдирди. Анын ичинен 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпы 123 миң 487 бала үчүн жөлөк пул берилген. Ал эми жарандарды жумуш менен камсыз кылуу максатында кандай иштер аткарылды?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"



Новости по дате