http://www.ktrk.kg/КУУ: акча кымырып алгандарга кылмыш иши козголду

КУУ: акча кымырып алгандарга кылмыш иши козголду

28 Дек 2018 , 14:30 1948

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык прокуратурасы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнүн жетекчиси менен башка кызматтагы адамдарга карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Текшерүү учурунда кызматкерлер студенттердин жогорку жана орто билим алгандыгын тастыктаган дипломдорду даярдоо үчүн студенттерден чогулган каражатты өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган. 

"Бүтүрүүчүлөрдөн каражатты факультетке жоопкер адам ректордун буйругунун негизинде чогултат. Бүтүрүүчүлөр акчаны документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнүн жетекчисине топтоп беришкен", — деп айтылат маалыматта. 2016-жылдан 2018-жылга чейин 22 факультеттен 5 миң 785 бүтүрүүчү жалпы жонунан 2 миллион 300 миң сом чогултуп берген. Бирок типография кызматы үчүн 875 миң сом гана төлөнгөн. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, калган 1 миллион 424 миң сомду кызматкерлер өздөрүнө ыйгарып алган. Буга Эсеп палатасы менен университеттин комиссиясы берген акт далил экени айтылат. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген каражатты өзүнө ыйгарып алуу же коротуу" беренелеринин негизинде иш козголуп, материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөтүлдү.

Новости по дате