http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Озерное айылында мыйзамсыз таштанды аянты кеңейүүдө

Элдик репортер: Озерное айылында мыйзамсыз таштанды аянты кеңейүүдө

28 Дек 2018 , 15:02 509

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылынын тургуну туура эмес жерге унаа менен келип, капустанын чириген калдыктарын төгүп жаткан учурун автор видеого тартып жөнөткөн. 

"Өзүңүз жашап жаткан жерге төкпөй, атайын шаардык таштанды таштоочу жайга алып барып, тиешелүү акчасын төлөп төкпөйсүзбү", - деген тургундун сунушуна карабастан, унаа толтура капустанын чиригендерин мал жеп коет деген шылтоо менен төгүп жаткан учуру тасмада көрсөтүлгөн.  

Негизи эле, айыл тургундары бул жерге мыйзамсыз таштанды ташташып, акыр-чикир таштоочу жайга айландырышканын, анын аянты да күн санап кеңейип жаткандыгын тасма автору билдирген. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате