http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: "Баатыр эне" ордениндеги "Баатыр эне" жазуусу эмнеге өчүп калууда?

Элдик репортер: "Баатыр эне" ордениндеги "Баатыр эне" жазуусу эмнеге өчүп калууда?

28 Дек 2018 , 15:41 984

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өз апасынын сыймыктануу менен тагынып жүргөн "Баатыр эне" ордениндеги "Баатыр эне" деген жазуунун убакыттын өтүшү менен өчүп калганын айтып, автор аталган орденди сурөткө тартып жөнөткөн. Мекендешибиздин айтымында, берилип жатканда "Баатыр эне" жазуусу алтын менен жазылгандыгы айтылган. Бирок, бир эле учур эмес, айылдагы бир нече апалардын "Баатыр эне" ордениндеги бул жазуу өчүп, бозоруп калган.

"Ордендин сапаты кытайдын оюнчуктарынын сапатынан да начар экен. Менин оюмча даярдоодо коррупциялык иштер болуп кетсе керек, эптеп эле жасалган. "Баатыр эне" деген жазуу чындап алтын менен жазылса, ал алтын кайда кетти? Бул жерде эч кандай алтын жок экендигин көрсөтөйүн дегем. Ушул ордендерди даярдап, текшерип, тапшырган кызматтар бул көрүнүш боюнча жооп береби?",- деген суроосун калтырган атын атабаган өлкө жараны.  Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате