http://www.ktrk.kg/Ош: 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат бирге чейин иштейт

Ош: 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат бирге чейин иштейт

28 Дек 2018 , 16:00 710

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарында жаңы жылга карата 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат бирге чейин иштейт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Майрамдык иш-чарага келген шаар тургундары менен меймандарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында кичи автобустар жана троллейбустар жүрөт. 

Эске салсак, Бишкекте бул күнү коомдук транспорт түнкү саат экиге чейин иштейт.

Новости по дате