http://www.ktrk.kg/Өлкөдө туристтик милиция иштей баштады

Өлкөдө туристтик милиция иштей баштады

28 Дек 2018 , 18:09 1305

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө туристтик милиция ишке кирди. Пилоттук долбоор катары чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыздаган тартип сакчылары азырынча борбор калаада иштейт. Келечекте туристтер көп каттаган башка аймактарда да ачылат.

Айзада Шаршенова туристтик милицияда эмгектенет. Ал бул кызматка атайын сынактан негизинде алынды. Өзгөчөлүгү кыргыз, орус тилдеринен сырткары, англис тилин билгендиги.
Борбор калаа Бишкекте ишин баштаган туристтик милиция эки взводдон турат. Анда жалпысынан 60 кызматкер иштеши каралып жатат, азырынча сынактан 20 адам өттү. Алар 35 жашка чейинки, жогорку билимдүү, аскердик билети бар, чет тилдеринде эркин сүйлөй алган кызматкерлер.

Туристтик милиция башка тартип сакчысынан кочкул көк түстөгү кызматтык формасы, ага мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн төш белги жана туунун сүрөтү бар кол байлагыч тагып жүргөнү менен айырмаланат. Кызматкерлердин жарымы айымдар. Туристтик милиция чет элдик жарандар, саякатчылар көп байырлаган жайларда иштеп, 3 патрулдук унаа коштоп жүрөт.
Туризм департаменти билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстандын аймагына 5 миллион чет элдик келген. Алардын жарымы турист катары катталган. Келерки жылы бул сан 6 миллиондон ашаары күтүлүүдө.



Новости по дате