http://www.ktrk.kg/Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш уланууда

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш уланууда

30 Дек 2018 , 0:49 1164

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жемкорлукту түп тамырынан жоюу- өлкө жетекчилигинин ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Эске салсак, ушул жылдын 8-февралында Коопсузук кеңешинин жыйынында Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли ачык айтылып, аны менен күрөшүүнүн жолдору жана көрүлө турган чаралар камтылып, негизги багыт аныкталган.

Андан бери жогорку кызмат адамдары аралашкан бир катар коррупциялык иштердин, схемалардын бети ачылды. Бишкек жылуулук борбору, тарых музейи баштаган одогон коррупциялык иштер боюнча тергөө иштери, сот процесстери жүрүп жатат. Паракорчулукка каршы күрөш мурдагы бийликтер учурунда формалдуу эле түрдө болуп, тандалма жүрүп келгени бардыгына белгилүү.


Новости по дате