http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Азык-Мундуз айылынын тургундары селден кийин көпүрөсүз калышты

Элдик репортер: Азык-Мундуз айылынын тургундары селден кийин көпүрөсүз калышты

24 Апр , 11:46 334

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Азык-Мундуз айылында катуу жаандан кийин, сел келип көпүрөнү алып кеткен. Сайдын жээги бекемделбегендиктен, суу катуу кирген убакта айрым турак үйлөрдүн короолоруна чейин кирет. Азырак эккен жер-жемиштер көп учурда суу алдында калып калган учурлар болгон.

Бул нерсе биздин көп жылдан бери чечилбей келген маселебиздин бири. Элет элин кооптондурган ушул маселени тийиштүү тараптар колго алып, сайдын жээгин бекемдеп беришсе жакшы болот эле. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате