http://www.ktrk.kg/Франциялык үй-бүлө асырап алган кыргыз бала туугандарын тапты

Франциялык үй-бүлө асырап алган кыргыз бала туугандарын тапты

31 Дек 2018 , 12:00 478

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Франциялык үй-бүлө асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Францияда жашаган Кирилл Николя Морша бир тууган агасын Кыргызстандан, калган туугандарын Орусиядан тапты. Ага орусиялык НТВ телеканалынын журналисттери жардам берген. 

Франциянын жараны Катрин Колетт Бубьян 2009-жылы Москва шаарына келип, эки жаштагы ымыркайды асырап алган. Ошол учурда Кирилл Николя Морша балдар үйүндө тарбияланып келген. Анткени, анын өз энеси 2007-жылы төрөттөн кийин көз жумган. Ал 11 жыл өткөндөн кийин, бакма ата-энесине өзүнүн биологиялык туугандарын табууну суранган. 

Анын франциядагы жакындары Кириллди багып алгандыгын жашырбай, ачык айтып тарбиялашкан. Туугандары Кыргызстанда жашаган Кирилл Николя Морша азыр 11 жашта.


Новости по дате