http://www.ktrk.kg/Мыкты журналисттик иликтөөлөргө сынак жарыяланды

Мыкты журналисттик иликтөөлөргө сынак жарыяланды

31 Дек 2018 , 13:03 607

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Журналисттик иликтөөлөр фонду мыкты иликтөөлөргө сынак жарыялады. Ага журналисттер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана журналисттик иликтөө менен алектенгендер катыша алышат. Арыздар кыргыз жана орус тилдеринде 31-январга чейин кабыл алынат. 

Сынакка 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан материалдар катышат. Сыйлыктын фонду 100 миң сом. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом менен сыйланат. Сынакка катышууну каалагандар Журналисттик иликтөөлөр фондунун сайтындагы арыз тиркемесин толтуруп, "Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка" деген аталыш менен jif@jif.kg электрондук дарегине жиберсе болот. 

Эске салсак, маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду быйыл 14-сентябрда ишке киришкен.


Новости по дате