http://www.ktrk.kg/Кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн КТРК кызматкерлери сыйланат

Кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн КТРК кызматкерлери сыйланат

31 Дек 2018 , 16:00 4330

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. 

Жарлыкка ылайык, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар өлкө жарандары анын ичинде Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери да сыйланышат, алар:

Батаканова    Бурулуш Топчиевна

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун башкы инженери "Даңк" медалы менен сыйланат.



Мамытов Бактыбек    Камчыбековичке

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору, «Маданият-Тарых-Тил» телеканалы студиясынын редактор-алып баруучусуна  «Кыргыз  Республикасынын эл артисти» деген  ардактуу наам менен сыйланат.


             
Кольбаев Усен Асанбекович

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо» маалыматтык программасынын баяндамачысы Кыргыз  Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат.



Мусаева Назгул Бейшекеевна

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку    категориядагы режиссеру Кыргыз  Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат.


 
Жаманбаева Канымжан Кеңешовнага

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият-Тарых-Тил» телеканалынын студиясынын редакторуна «Кыргыз  Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген  ардактуу наам менен сыйланат.



Фазылов Азнаур Азизовичке

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун Сервис борборунун начальнигине «Кыргыз  Республикасынын байланышына эмгек  сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам менен сыйланат.



Торобеков Нурдин    Кулпубекович

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы үн режиссеру Кыргыз  Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат.


 


Новости по дате