http://www.ktrk.kg/Кыш мезгили кандай өтөт?

Кыш мезгили кандай өтөт?

1 Янв , 14:49 625

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы жылдын алгачкы айында кар көп түшөт. Суук былтыркыдай эле болот деп болжолдонууда. Кыргыз гидрометкызматы кыштын эң суук делген айында абанын температурасы канча градуска жетерин алдын ала маалымдады. Кара кийик жылынын январь айында аба ырайы кандай болот?

Метеорологдор билдиргендей, доңуз жылында кыш адаттагыдай эле өтөт. Чектен ашкан ызгаар болбойт. Башкача айтканда, былтыркы кыш мезгилинен 2-5 градуска гана айырмаланышы мүмкүн. Глобалдуу суук аба ырайы күтүлбөйт.

Өтө суук мезгил 10-18-январь аралыгы деп болжонууда. Январдын аягынан февралдын 10доруна чейин республика боюнча катуу шамал болуп тургандыктан бул убакыт аралыгында алыскы жолго чыккандар сак болушу керек.

Кечээ кар жааганына карабастан өлкө аймагындагы ашуулардагы абал туруктуу. Тазалоо иштери убагында жүргүзүлүп, кум себилип жаткандыктан Төө-Ашууда жол ачык. Жеңил унаалар үчүн дагы оор жүк ташуучу унаалар дагы эч кандай чектөөсү жок өтүп жатат.

Ошондой эле, Өтмөк, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында да жол тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, бул ашууларда куткаруучулар, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.


Новости по дате