http://www.ktrk.kg/“Миң Кыял FM” радиосу 12 жашта

“Миң Кыял FM” радиосу 12 жашта

2 Янв , 13:31 2600

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиоберүү корпорациянын "Миң кыял FM" радиосу 12 жашка толду. "Миң кыял FM" радиосу 2007-жылы 1-январда ачылган. 103.7 жыштыгында кыялдар орундалат деген ураан менен обого чыгып жаткан радионун 80% музыкадан, 20% маалыматтан турат. Музыкалык саясаты боюнча Кыргызстандык гана аткаруучулардын ар кайсы тилдеги чыгармаларын угармандар арасында жайылта турган радиостанция.

"Миң Кыял FM" радиосу 12 жыл ичинде угармандардын сүйүктүү радиосуна айланды. Жаңы жылдын алдында  туулган күнүн белгилеп жаткан радио бул жакшылыгын угармандары менен бөлүштү.





Новости по дате