http://www.ktrk.kg/Жаңы жылда жаркын үмүткө жетелеген жаңы өмүрлөр

Жаңы жылда жаркын үмүткө жетелеген жаңы өмүрлөр

2 Янв , 17:07 965

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кирип келген кара кийик жылында Кыргызстан калкынын саны дагы 262 адамга көбөйдү. Бул ирет жарык дүйнөгө келген ымыркайлар мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир аз көбүрөөк болду.

Жаңы 2019-жыл кирип келээри менен 2 киллограмм 750грамм салмактагы бул ымыркай жарык дүйнөгө келген. 23 жаштагы Ава айым алты саны аман, ден-соолугу чың уул төрөп алганына өтө сүйүнүүдө.

Төрөлгөн ымыркайлардын 7 си кыз болсо, 11и уул балдар. Алардын да апаларынын да абалдары эң жакшы.

Ал эми бул айым жаңы гана көз жарып, колун бооруна алды. Баштарына баш кошуп татынакай неберелүү кылып жаткан келинин аяп кайненеси алыстабай жанында. Апа буга чейин алты баласынан ажырап жоготуудан көңүлү калган. Эми жамандыктын артынан жакшылык келип жатканына төбөсү көккө жетип, көзүнөн кубанычтын жашы агууда.

Ыңаалаган кичинекей ымыркайлардын саламаттыгы биз үчүн эң маанилүү. Андыктан кандай гана майрам болбосун ар дайым кызматта болуп милдетибизди так аткарууга аракет кылабыз дейт Бишкектеги №2 төрөткананын ак халатчандары.

Белгилей кетеск, Кыргызстан боюнча бир түндө 142 уул, 150 кыз бала төрөлдү. А негизи күн сайын өлкөдө орто эсеп менен 250дөн 300гө чейин балдар жарык дүйнөгө келет.Алардын туулганына бир кубансак,эми тураарына да кубанып келечегин тилейли!



Новости по дате