http://www.ktrk.kg/Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

2 Янв , 17:19 3120

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылдын 4-январынан 7-январына чейин, жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолунундагы Төө-Ашууда, Ала-Бел, Чапчыма ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горька, Ак-Таш унаа жолунда, ошондой эле Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 65-130-чакырымдарында кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталат. 

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочулар жолдо баратканда этият болуп, унаалардын ортосундагы коопсуздуктун алыс аралыгын сакташы зарыл.

Новости по дате