http://www.ktrk.kg/Электромобилге жол ачык

Электромобилге жол ачык

5 Янв , 17:31 2301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда ушул жылдын соңуна чейин электромобиль алып киргендерге бажы алымдары жокко чыгарылды. 

Эске салсак, былтыр өкмөт бензин жана дизель майы менен жүргөн унааларга бажы төлөмдөрүнүн баасын 2014-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөткөн. 

Мында электромобилдерге болгон салыктар алынып салынса, гибриддик кыймылдаткычы бар унааларда сантиметр куб үчүн 50-60 центтен алынат. Токтом 2019-жылдын аягына чейин иштейт. 

Мындай аракет эски темир тулпарлардын санын кыскартып, өлкөнүн автопаркын жаңыртуу максатын көздөйт. Ошондой эле бул чечим электр жана гибрид кыймылдаткычтуу машиналарды импорттоону көбөйтүүгө багытталат. 

2020-жылдан тарта Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн деңгээлиндеги ставкалар иштеп баштайт.



Новости по дате