http://www.ktrk.kg/Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталууда

Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталууда

5 Янв , 17:28 5401

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталууда. 

Чемпионаттын расмий ачылышы 5-январда болуп, алгачкы оюнду БАЭ менен Бахрейн командалары ойнойт. Бул оюн Абу-Дабидеги эң чоң «Зайед Спорт Сити» стадионунда өтөт. 


Футбол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу катышып жатат. "Ак шумкарлар" “С” тайпасына жайгашып, Кытай, Филиппин жана Кореянын командалары менен беттешет.

 Алгачкы оюн 7-январда кытайлык футболчулар менен болот. Футбол боюнча беттештер Абу-Дабиден тышкары, Аль-Айн, Дубай жана Шаржа шаарларында өтмөкчү. 

Мелдеште жалпысынан 24 тайпа күч сынашууда, оюндар 8 стадиондо уюштурулат. Кыл чайнашчу финал 1-февралга белгиленген. 

Азия кубогунун бардык оюндарын КТРК Спорт телеканалы түз ободо көрсөтөт.


Новости по дате