http://www.ktrk.kg/Жолдо жүрүү эрежелерин сактайлы

Жолдо жүрүү эрежелерин сактайлы

5 Янв , 17:01 1271

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда мас айдоочуларга 4 күндө 260 000 сом айып пул салынды. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө өлкө боюнча мас абалында унаа айдаган 15 жаран токтотулуп, ар бирине 17,5 000 сомдон айып пул салынды. Мас айдоочуларга салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сомду түздү. 

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айып пулдун өлчөмү көбөйгөн. Эми мас абалында темир тулпарларын башкарган айдоочуларга 17 500 сом айып салынат. 

Ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок жана куткаруучу кызматтардын машиналарына жолду бошотуп бербеген айдоочуларга 5,5 000 сом айып каралган. Ал эми саатына 40 чакырым ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7,5 000 сом айыпка жыгылат.


Новости по дате