http://www.ktrk.kg/Ноокат районундагы унаа кырсыгынан 3 адам каза болду

Ноокат районундагы унаа кырсыгынан 3 адам каза болду

7 Янв , 11:59 1102

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында унаа кырсыгынан 3 адам каза болду. Белгилүү болгондой, 6-январда эртең менен Өрнөк айылында күйүүчү май ташуучу унаа менен "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү унаа кагышкан. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкектен келе жаткан "Тойота" күйүүчү май ташуучу унааны уруп алган. Натыйжада жеңил унаанын 3 жүргүнчүсү каза болгон.


Новости по дате