http://www.ktrk.kg/Футбол: бүгүн Кыргызстан - Кытай курамалары беттешет

Футбол: бүгүн Кыргызстан - Кытай курамалары беттешет

7 Янв , 10:59 5132

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогу өтүп жатат. 6-январда "А" тайпасында Индиянын курамасы 4:1 эсебинде Таиландды жеңип алды. Ал эми "Б" тайпасында иорданиялык футболчулар Австралиянын дарбазасына бир гол киргизип, азыркы Азия чемпионун артта калтырды. Сирия менен Палестина беттеши дагы кызуу жүрүп, оюн 0:0 эсебинде аяктады. 

Бүгүн, 7-январда дагы турнирдин алкагында оюндар уланып, "С" тайпасында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы алгачкы оюнун өткөрөт. Бул сапар "Ак шумкарлар" кытайлык футболчулар менен кез келет. Кийинки баскычка чыгуу үчүн алар өз тайпасында көп упай топтошу зарыл. Жеңишке жетишсе - үч упай, тең чыкса - бир упайга ээ болот. Ал эми жеңилген командага упай ыйгарылбайт. 

Кыргызстан - Кытай оюну Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Оюнду КТРК жана “КТРК-Спорт” каналдары түз алып көрсөтөт. Ошондой эле, бүгүн “С” тайпасында Түштүк Корея менен Филиппиндин футболчулары ойношот. Азия Кубогунда жалпысынан 24 тайпа күч сынашат. Кыл чайнашчу финал 1-февралга белгиленген.

Новости по дате