http://www.ktrk.kg/Зыяратчыларды каттоо 9 - январда башталат

Зыяратчыларды каттоо 9 - январда башталат

7 Янв , 11:49 678

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл ажылык сапарга барчуларды каттоо 9-январда башталат. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. Каттоо жараяны 31-январга чейин созулат. 

Каалоочулар шаардык же облустук казыяттардан каттоодон өтө алат. Алар банкка 500 доллар жана 700 сом төлөгөнү тууралуу дүмүрчөк, жалпы жарандык паспорт жана биометрикалык ID-картасын көрсөтүшү керек. 

2019-жылы Кыргызстандан 5 миң 485 зыяратчы ажылык сапарына барат.

Новости по дате