http://www.ktrk.kg/ӨКМ: Бишкек - Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атып түшүрүлүүдө

ӨКМ: Бишкек - Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атып түшүрүлүүдө

7 Янв , 11:47 1229

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек - Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштерин улантууда. Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы 231-246-чакырымда 83 миң куб метр кар түшүрүлдү. 

Буга чейин министрлик Бишкек - Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Красная-Горка - Ак-Таш, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экени тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. 

Бул тилкелерден өтүүдө унаалар арасындагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

Новости по дате