http://www.ktrk.kg/Жаңы жылдагы жаңы өзгөрүүлөр

Жаңы жылдагы жаңы өзгөрүүлөр

7 Янв , 12:35 345

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикте жашай баштады. Жаңы жылдан тарта сот укук реформасынын алкагында жаңы 5 кодекс жана аларды коштоочу мыйзамдар күчүнө кирди. Алар Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс жана Жазык-аткаруу кодекси.



Эксперттер жаңы киргизилген мыйзам, кодекстер кылмыштын ар кандай түрлөрүнө карата жазаны гумандаштырууга багытталганын айтып келишет. Маселен Жоруктар жөнүндө кодекс Кылмыш жаза кодексинен өзүнчө бөлүнүп алынды. Ага ылайык, эгер адам анча оор эмес кылмыш жасаса, маселен тоок уурдаса ага эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылбайт. 

Соттор мындай жоруктарга айып пул салып же коомдук иштерге тартышы керек болот. Декабрь айында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында өлкө башчысы жаңы кодекстер адамды оңдоп, түзөөгө жана кайра тарбиялоого багытталганын белгиледи.



Мындай ыкма дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө көп колдонулат. Мисалы батыш мамлекеттеринде жаран айып пул төлөөгө макул болсо, анда ага анча оор эмес кылмыш үчүн эркинен ажыратуу жазасы чектелбейт жана соттолуучу болбойт.



Новости по дате