http://www.ktrk.kg/Айдоочуларга жаңы тартиптер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Айдоочуларга жаңы тартиптер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

7 Янв , 13:59 1404

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облустук жол коопсуздугунун кыймылына көзөмөлдөө башкармалыгы облус аймагында айдоочулар жана коомдук унаалардын айдоочулары арасында жол кыймылына кирген жаңы тартиптер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жаңы тартип боюнча айдоочулар жол кыймылынын тартибин бузган учурда айып пулдун өлчөмү көбөйдү жана мындан ары мыйзам бузулган учурда инспекторлор айдоочудан күбөлүгүн алып коё албайт.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында Чүй облустук жол коопсуздугуна көзөмөл жасоо башкармалыгы тарабынан айдоочуларга жаңы айып пулдар гана эмес, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар тууралуу да айтылды. Ошондой эле айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырышты.


Новости по дате