http://www.ktrk.kg/Бишкекте мектеп театрларынын сынагы өттү

Бишкекте мектеп театрларынын сынагы өттү

8 Янв , 15:05 1475

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте мектеп театрларынын сынагы өттү. Окуучулар классикалык чыгармалар жана элдик жомоктордон үзүндүлөрдү коюшту. Сынак 3 жылдан бери өтүп келе жатат. Быйыл ал Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, жазуучунун чыгармаларына басым жасалды. Жалпысынан сынакка 20га жакын мектептин театр жамааттары катышты. 

Окуучулардын эмгектерин көрүнүктүү театр ишмерлери баалашты. Мыкты деп табылган спектакль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында жалпы элге көрсөтүлөт.

Новости по дате