http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда кыйноолордун саны азайбай келүүдө

Кыргызстанда кыйноолордун саны азайбай келүүдө

8 Янв , 17:44 381

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда кыйноолордун саны азайбай келүүдө. Абакта жаткан ар бир үчүнчү адам кыйноого дуушар болуп жаткандыгын укук коргоочулар айтышууда. Маалыматтарга караганда кыйноонун натыйжасында күнөөсүз адамдар эркинен ажыратылган учурлар да көп катталган. 

Ал эми адистер мындай көрүнүштү жок кылуу максатында атайын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө видеокамералар орнотулуп, кызматкерлерге окутуулар уюштурулуп жаткандыгын билдиришти. Мындан сырткары жакында эле Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө дубалдары айнектен болгон тергөө кабинеттери уюштурулган.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлнура Сманбекова,  "Биринчи радио"



Новости по дате