http://www.ktrk.kg/УКМК: Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча козголгон кылмыш иши аяктады

УКМК: Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча козголгон кылмыш иши аяктады

8 Янв , 23:02 761

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктады. Тергөө аяктаганын УКМК кабарлады. Буга чейин “Коррупция” беренеси боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Исаков 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин айтып чыкккан.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы тараткан маалыматка ылайык, тергөө Сапар Исаков башында турган бир катар жооптуу кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан. Билдирүүдө төмөнкү маалымат камтылган.

Маалыматта Сапар Исаков 2013-жылы Президенттин Аппаратынын орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда долбоорду ишке ашыруу процессин өз көзөмөлүнө алганы белгиленет.

Учурда айыпталуучу тарап материал менен таанышып жатат. Жыйынтыгында айыпты ырастап, сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Мындан туура бир жыл мурун 26-январда Бишкек жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык болуп, шаар тургундарынын көбү ызгаар суукта жылуулуксуз калган. Эгер кырсык келип чыкпаса, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат беле деген суроо туулат. Жаңыланды деп бир кыштан чыкпай бузулган ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөөгө депутаттык комиссия түзүлүп, үч жарым ай иш алып барып, корутундусун жарыялаган.

Парламентте корутунду боюнча үч отурум бою кызуу талкуу жүргөн. Талаш-тартыштар менен коштолгон жыйында бир катар жаңы жагдайлар ачыкталган. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан 600 доллар наркындагы аттиштердин чыныгы баасы ашкере жогорулатылган деген бүтүм чыгарылган. Эл өкүлдөрү ЖЭБди модернизациялоого тендер өткөрүлбөгөнүн, ремонт иштери техникалык экономикалык негиздемеси жок жасалганын, каржынын көлөмү так аныкталбаганын жана башка көп мыйзам бузуулар орун алганын көтөрүп чыгышкан.

Жыйын учурунда эл өкүлдөрү Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоого Кытай компаниясын сүрөгөн деп айыптаган эле.

Бул окуядан кийин ишкананы модернизациялоого Кытай тарап бөлгөн 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы суроо жаратып, төрт кылмыш иши козголгон. “Коррупция” беренеси боюнча айып мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, депутат Осмонбек Артыкбаевге, "Энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиевге жана мурунку шаар башчы Кубанычбек Кулматовго тагылган. Жалпысынан 14 адамга айып коюлуп, ушул күндөрү 11 адам камакта.

УКМК тараткан расмий билдирүүгө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын- ала белгиленген иш-аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Сапар Исаковдун катыштыгы бар делген ири объектилердин курулушу жалгыз ЖЭБ менен эле чектелбейт. Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ат майданды салуудагы мыйзам бузууларга байланыштуу да анын аты аталып жүрөт. Мурунку өкмөт башчы музейди реконструкциялоого өзү көзөмөл кылганын билдирген.

Иш жүзүндө музейди оңдоодо казынага 118 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталган. Териштирүүдө коюлган жыгач аттардын, эмерек-буюмдардын баасы ашыкча көрсөтүлгөнү ачыкка чыккан. Ошондой эле кымбат баалуу мрамор жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголуп, ордун сапаты начар курулуш материалдар баскан. Тарых музейдин курулушуна баштан-аяк катышкан архитектор Советбек Абышев реконструкцияга деп каралган каражатка эки музей курса жетмек деп курулуштун сапатына нааразы.

Тарых музейди оңдоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында дагы Сапар Исаковго айып коюлган. Былтыр башталган жемкорлук менен аёосуз күрөш жооптуу кызматта отурган аткаминерлер мамлекетке канчалык зыян келтиргенин далилдеп отурат. Жыл жаңырды, алдыда дагы кандай окуялар орун алат, коомчулуктун назарында.


Новости по дате