http://www.ktrk.kg/Дубнов: Кыргызстан биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз

Дубнов: Кыргызстан биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз

13 Апр 2016 , 6:12 1172

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россия Федерациясынын президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын теориялык, саресеп саясат таануу борбору илимий семинар өткөргөн. Саясат талдоочуу Аркадий Дубнов, илимий маалыматтардын ичинен «Борбордук Азиядагы дымагы күчтүү жана чабал режим» - деп аталган баяндамадан үзүндүлөрдү келтирген. Анын өзөк мааниси мындайча: Борбордук Азия мамлекеттери кандай жолдо өнүгүп жатат? Афганистандан исламчы жан кечтилердин кол салуусу жана Кытайдын жылдырма экспансиясы коркунуч туудурабы? Россия бул аймакта кандай саясат жүргүзүп жатат? – деген маселелер. 

Анын ичинде «Бир тууган Кыргызстан» - деген баяндамада буларды белгилейт. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кириши, өз учурунда Россия үчүн абдан маанилүү болгондуктан, Москва буга кызыктар экендигин даана көргөздү. Учурда Борбордук Азияда Кыргызстан биздин  эң ишеничтүү өнөктөшүбүз. Президент Алмазбек Атамбаев буга чейинки президент  Курманбек Бакиевдин Москвага карата эки жүздүү саясатын сынга алуу менен президент мындан ары, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий алакаларды акыл таразасына салып,  олуттуу маани берүү керектигин билдирип келет. Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаев,  Россия жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүүдө, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын кылдат коргоодо - деп баса белгилейт автор.

Буга  Евразия экономикалык биримдигине кирер алдында Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бекем турганын айтуу жетиштүү. Анан да Кыргызстанга Кытайдын таасири күч алып жаткан шартта, Россия менен Кытай алакаларында Алмазбек Атамбаевдин кылдат кадам таштаганын белгилейт.  Автор андан нары Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушу боюнча долбоорду Москва  каржылай алганбагандыктан, кыргыз парламенти Россия менен болгон келишимди денонсация кылганын эске салган. Маалымат үчүн айта кетели, бул долбоорду каржылоону келечекте чех тарап колго алмакчы. 

 Аркадий Дубновдун пикиринде азыркы учурда, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Евразиялык экономикалык биримдигине саясий–аскердик калканыч болуп бере албайт.  Мисалы Украинадагы абал, Сириядагы согуш, Россия мененТуркиянын бири-бирине кысым көрсөтүүсү, Тоолуу Карабактагы курч абал сыяктуу мамлекеттер аралык арыздашууларды жөнгө салууга, азырынча бул түзүм таасир эте алган жок.

Буга автор аргумент  катары: Белоруссия  Тоолуу Карабактагы жаңжал боюнча Бакуну колдоп чыккан учурда, Армения тарап чырдап чыкканын, ал эми Россия адатынча ортомчулук позицияда болгонун, Казакстан бул маселе боюнча көз карашын билдирбегенин жазган. Автор бул тизмеге Кыргызстанды да киргизген экен, учурдан пайдаланып,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, эпке келтирүү боюча ортомчулук кылуу сунушун айтып чыкканы белгилүү эмеспи.  Ошентип талдоочунун ой жыйынтыгында, эгерде жаңжал жүрүп жаткан аймакка эл аралык ортомчулар тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн алып кирсе, буга Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун эч кандай тиешеси жок экени белгилүү деп жазган.

Деген менен коркунуч пайда боло калса, айрым мамлекет башчылары үчүн бийлигин сактап калууда, Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун бириккен аскердик күчү, акыркы үмүтү экенин айтат. Мисалы Афганистан тараптан исламчы жан кечтилер Борбордук Азия аймагына кирип келет деген сөз тараганда, бул тенденция өзгөчө ачык көрүнгөн. Бул аргументтерди келтирген саясат таануучу, Түндүк Афганистан аймагында топтолгон моджахеддердин куралдуу топтору, тактап айтканда буга чейин белгилүү болгон,   ислам мамлекети деп атаган террордук тобу сыяктуулар, Тажикстан тараптан Пянж дарыясын кечип өтүүгө умтулары да күмөн экендигин айтат. Биздин оюбузча, бул пикирге макул боло коюу кыйын. Аткени, чынында эле бул аймактагы террорчу топтордун Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн коркунучу күч.    

Ошентсе да Жамааттык коопсуздук уюмунун келечекте Борбордук Азия гана эмес Россия үчүн да чечүүчү күчкө ээ боло алабы? Аны убакыт көргөзөт.

Алмаз Батилов, "Биринчи радио"

Новости по дате