http://www.ktrk.kg/Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөш өлкөлөр

Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөш өлкөлөр

8 Янв , 22:21 1343

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөш өлкөлөр. Учурда мамлекеттер эки тараптуу экономикалык, маданий, гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда. Мындан сырткары, коңшу өлкө биздин мамлекетке каражат салып жаткан ири инвесторлордун бири. Эки өлкө улуу жибек жолунун алкагында жүз жылдардан бери алака түзүп келе жатат.

2018-жылы Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып, эки өлкөнүн ортосунда стартегиялык өнөктөштүк алакасы түзүлдү. Мындан сырткары бир катар экономикалык долбоорлорго кол коюлуп, коңшу өлкө Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүү, таза суу жана жалпы эле инфратүзүмдү колдоо үчүн 600 млн юань кайтарымсыз каражат бөлдү.

Коңшу өлкө буга чейин да Кыргызстанда ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырып келгени белгилүү. Маселен "Датка-Кемин" электр өткөрүүчү чубалгысынын курулушу, республикалык маанидеги жана шаар ичиндеги бир катар жолдордун салынышы, Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводу кытай тараптын инвесторлору тарабынан каржыланган. Мындан сырткары алтын кендерин иштетүү долбоорлоруна катышып келет. Адистер кыргыз экономикасы үчүн коңшу өлкөнүн салымы жогору деп баалашат.

Эки өлкөнүн маданий, гумантардык жактан кызматташтыгы да өтө бекем. Буга мисал, жакында эле Кытайдын Бээжин шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара. Анда жазуучунун чыгармаларынын негизинде театралдаштырылган оюн-зооктор коюлуп, кыргыз маданияты даңазаланып, илимий практикалык конференция өткөрүлдү. Учурда Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында Кыргызстандан барган 4 миңден ашык студент билим алат. Коңшу өлкө биздин мамлекетке ири көлөмдө каражат салып жаткан ири инвестор эле эмес, эки өлкө улуу жибек жолунун алкагында жүз жылдардан бери алака түзүп келе жатат.

Адистердин айтымында, туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар эки тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизиши мүмкүн. Азыркы учурда Кыргызстан-Кытай мамилеси өз нугунда өнүгүп, бардык тармактар боюнча кызматташтык бекемделүүдө. Ал эми эки өлкөнүн мамилесине от жаккысы келгендер тышкы күчтөр да болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт. Ага катар өлкө ичинде да түрдүү кызыкчылыктарды көздөгөн саясий топторду эстен чыгарбоо керек дешет. Андыктан адистер мамлекеттер ортосундагы алаканы мыйзам чегинде жана дипломатиялык жол аркылуу чечүү гана ийгиликтин ачкычы экенин белгилешти.

Новости по дате