http://www.ktrk.kg/Соңку аптада эреже бузган айдоочулар салыштырмалуу азайды

Соңку аптада эреже бузган айдоочулар салыштырмалуу азайды

8 Янв , 23:04 1423

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соңку аптада эреже бузган айдоочулар салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы кабарлады. Муну айрымдар айып пулдун жогорулатылышына байланыштырат. 1-январдан тартып иштей баштаган жаңы кодекс боюнча коомчулукта кызуу талкуу токтой элек.

Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн катарында. Ар күн сайын адам өмүрү кыйылат. Былтыр жолдо болгон кейиштүү көрүнүштөрдүн айрымдары элдин эсинен кетчүдөй эмес.
Бишкекте маршруттук кичиавтобус бала көтөргөн аялды басып калганы жолдо эрежени так сактоо зарыл экенин коңгуроо кылган. Бул кырсык эненин өмүрүн алып, наристени майып кылды. Дарыгерлер кыздын бутун кесип салууга аргасыз болушкан.

Ноябрь айында “Мадина” базарына жакын жерде болгон кырсык шаардыктардын үрөйүн учурган. Катуу ылдамдык менен келип электр мамысына урунган унаа экиге бөлүнүп, бири-биринен 30 метрдей аралыктагы эки башка жерден табылган. Бул кырсыкта эки адамдын өмүрү кыйылган.

Айрым учурда авариядан кийин унаанын үлгүсү билинбей калган учурлар бар. Жыл жаңыраар алдында Токмок шаарына жакын жерде катталган кырсык мунун далили. Кан жолдогу окуяда 5 киши жарык дүйнө менен кош айтышты.

2018-жылы болгон мындай көрүнүштөр ондоп саналат. Бирок үрөй учурган видеотасмаларды көрүп жатып деле айдоочулар этият болбогондой. Ылдамдыкты жогорулатуу, унааны мас абалында башкаруу өңдүү эреже бузуулардын арты кайгы менен аяктоодо. Кейиштүү көрүнүштөрдү жоюу үчүн айып пулду жогорулатуу керек деген сунуштар айтылып келген. Жыл жаңыргандан тартып иштей баштаган кодекске ылайык айып пул кыйла жогорулатылды. Эми коомчулукта көтөрүлүп келген демилге коомчулуктун өзүндө талкууга түштү.

Айып пулду жогорулатууга каршы чыккандардын айрымдары аны айлык маяна менен салыштырууда. Ал эми өзгөрүүлөрдү колдоого алган адистер дал ошол чөнтөккө оорчулук келтирген айып пул гана эреже бузууларды азайтат деп эсептейт.

1-январдан тартып салынган айып пул боюнча алгачкы маалыматтар жарыяланууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган мекеме айдоочулар чөнтөгүн аяп, унааны аярлап башкарып калышканын билдирет.

Оорудан кийин эле көп адамдын өмүрүн кыйган жол кырсыктарын болтурбоо үчүн азырынча айып пулду жогорулатуудан башка чара табыла элек. Бирок коомчулук аны казынаны толтуруунун эмес, кырсыктарды азайтуунун аргасы катары кабыл алышы керек.



Новости по дате