http://www.ktrk.kg/Кыргызстан туристтерди кызыктырган өлкөлөрдүн катарында

Кыргызстан туристтерди кызыктырган өлкөлөрдүн катарында

9 Янв , 14:24 591

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан 2019-жылы көрүп кетүүгө тийиш делген 5 өлкөнүн катарына кошулду. Жаңы рейтингди "UNILAD Adventure" британиялык журналы чыгарган. 

Басылма бул жылы сөзсүз көрүп кетиш керек делген өлкөлөр тууралуу кыска тасма тартып, ага Кыргызстандан тышкары Сингапур, Перу, Япония жана Шри-Ланка кирген. Тасмада Борбор Азиядагы кичинекей өлкөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндалат: адам колу тийбеген табияты, жайыттары, асман тиреген бийик тоолору. 

Ошондой эле, өлкөдөгү визасыз тартип бар экени белгиленип, Кыргызстандын тигил же бул аймагына кайсы мезгилде баруу керектиги айтылган.

Новости по дате