http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Сосновка айыл өкмөтүндөгү мектеп качан курулуп бүтөт?

Элдик репортер: Сосновка айыл өкмөтүндөгү мектеп качан курулуп бүтөт?

9 Янв , 15:06 133

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айыл өкмөтүнүн курулуп бүтө элек мектеби көрсөтүлгөн. Жергиликтүү тургундун пикиринде, мектептин курулуп башталганына 3-жылдан 4-жылга караганы менен дагы эле бүтпөй турат. Жанындагы эски мектепте окуучулар батпай, ыңгайсыз абалда билим алышууда.

“Башка райондордо, айылдарда мындан да чоң мектептер бир  жылга жетпей эле бүтүүдө. Биздики мына жакында 4 жыл болот, дубалы курулган  бойдон турат. Ушул биздин Сосновка айылындагы мектебибиздин бүткөрүлүшүнө  жардам берип, тиешелүү тараптарга маалымат жетсе”,- деген пикирин айыл тургуну калтырган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

 


Новости по дате