http://www.ktrk.kg/Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнөдөн кайтты

29 Апр , 9:42 270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эл артисти Сатыбалды Далбаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 30-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. 

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа кыштагында туулган. 1952-жылы Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институтка тапшырып, аны 1957-жылы аяктаган. Сатыбалды Далбаев 1952-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген.

1970-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган, төрт жылдан кийин эле «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына татыктуу болгон. Ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси жана Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.
1995-жылы «Манас-1000» медалы менен сыйланган.

2008-жылы Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Театрда эмгектенген жарым кылымдан ашуун мезгилдин ичинде Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү жаратып, кыргыз көрүүчүлөрүнө таанылган.


Новости по дате