http://www.ktrk.kg/Бишкектин 10 көчөсүнүн кесилишинде фото-видеокамералар орнотулат

Бишкектин 10 көчөсүнүн кесилишинде фото-видеокамералар орнотулат

10 Янв , 13:09 276

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

12-февралга чейин Бишкектин 10 көчөсүнүн кесилишине фото-видеокамералар орнотулуп, толук иштей баштайт. Ушул тапта алардын айрымдары толук орнотулуп бүтүп, байкоо иретинде иштеп жатат. Ал арада соңку аптада эреже бузган айдоочулар салыштырмалуу азайганы айтылууда.

Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилиши, калаадагы кыймыл көп жана жол кырсыгы байма-бай катталып турчу аймак. Ушул тапта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында бул жерге жол кыймылын каттап туруучу камера орнотулуп жатат. Ошондо кыймылды толугу менен аныктап, сүрөткө жана видеого каттап туруу үчүн бул жердеги бир эле кесилишке 17 камера орнотулат.

”Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабынын алкагында дал ушундай камералар Бишкектин 10 көчөсүнүн кесилишине орнотулат.

 Жибек-Жолу - Жаш Гвардия бульвары,
 Чүй - Фучик,
 Чүй - Бейшеналиева,
 Жибек-Жолу - Фучик,
 Чүй - Жаш Гвардия бульвары,
 Бөкөнбаев - Абдрахманов,
 Жибек-Жолу - Абдрахманов,
 Чүй - Курманжан Датка,
 Москва - Абдрахманов,
 Горький- 7-Апрель

Долбоордун биринчи этабы толугу менен 12-февралда аяктайт. Бул арада баардык техникалык иштер соңуна чыгып калат. Ал эми ага чейин орнотулган камералар байкоо иретинде гана иштөөдө.

Мындан сырткары республиканын 17 тилкесинде дагы фото-видеокамералар орнотулуп, 12-февралда ишке кирет. Алардын көпчүлүгү Бишкек - Ош жана Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолдорунда жайгаштырылат. Камералар күнү-түнү иштеп, видео жана фотоматериалдарды топтойт.

Кошумчалай кетсек жыл жаңыргандан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга айыптын көлөмү жогорулаган. Мындай кадам айдоочуларга өз таасирин тийгизүүдө.

Айып пулдун жогорулашы тууралуу комчулукта кызуу талкуулар дагы деле токтой элек. Анткен менен жол кырсыктарын алдын алууга багытталган кадамды колдогондор да жок эмес.

Кыргызстанда жалпы транспорт каражаттарынын саны миллиондон ашат. Күн сайын орто эсеп менен 16 жол кырсыгы катталат жана андан 3 адам ажал табат. Андыктан айдоочуларды туура жолго түшүп, эрежелерди сыйлоого түрткү берген “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилүүдө.





Новости по дате