http://www.ktrk.kg/Газ суюктугун колдонуунун техникалык коопсуздук эрежелери

Газ суюктугун колдонуунун техникалык коопсуздук эрежелери

10 Янв , 14:12 646

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үй шартында жаңыртпастан бир нече жылдап газ баллонун колдонуу кооптуу. Адистер техникалык эрежелерди сактабай, мыйзамсыз түрдө автогазовоздон газ суюктугун  баллонго үстү-үстүнө толтуруп пайдаланууга болбой турганын айтууда.

Себеби анын ичинде калдык сакталып, чыңалуу күчтүү болот. Андыктан баллонду атайын жайдан жаңыртып турууну сунушташат. Мындан тышкары түгөнүп бараткан баллонду чайпап, жантайынан жаткырып көгүлтүр отту жандыруу опурталдуу экенин эскертишет. Алды менен калк газ баллонун улам башкасына алмаштырып турууга көңүл бурабы? Коопсуздук эрежелерин кандай сактайт?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио" 


Новости по дате