http://www.ktrk.kg/Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча Сапар Исаковго айып тагылды

Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча Сапар Исаковго айып тагылды

10 Янв , 23:14 1381

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча айып тагылды. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп бермек. Бирок, музейди реконструкциялоодо Президенттин Аппаратынын мурунку жетекчиси Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн деген негизсиз талаптарынан улам, Түркия тарап ишти улантуудан баш тарткан. 

Жыйынтыгында музейди реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 520 миллион 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган. Андан кийин 2017-жылы Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, өлкө кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга германиялык компанияны катыштырган. 

Бул компания жалпы суммасы 55 миллион 593 миң 772 сомго Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттарды жана жабдыктарды алып келген. Мындан тышкары, немец компаниясы менен улуттук валютада эмес евро курсу менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин айырмасы 42 миллион 311 миң 428 соду түзгөн. 

Жыйынтыгында Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жасаган кылмыш иштери мамлекетке 101 миллион 690 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.


Новости по дате