http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкектин тоолору да таштанды төгүүчү жайга айландыбы?

Элдик репортер: Бишкектин тоолору да таштанды төгүүчү жайга айландыбы?

10 Янв , 14:48 130

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Автор Бишкек шаарынын Асанбай жана 12-кичи райондорунун өйдө жагындагы тоонун этегине төгүлгөн таштандыны тасмага тартып жөнөткөн. Видеодо көрсөтүлгөндөй, мында курулуш калдыктары, унаанын эски дөңгөлөктөрү ташталган. 

"Негизи бул тоолордун этектеринин бары эле таштанды болуп баратат. Шаардын ичи аз келгенсин тоолорго акыр-чикир төгө башташты элдер. Бул жерге алыстан деле келбейт, ушул тараптын эле жашоочулары төгүшүүдө. Чара көрүп, ушул маселеге коомчулуктун көңүлүн бургум келет",- деген пикирин калтырган тасманын автору.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате