http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кадамжай районундагы таштандыга чөмүлгөн Халмион базары

Элдик репортер: Кадамжай районундагы таштандыга чөмүлгөн Халмион базары

10 Янв , 17:02 278

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл өкмөтүнүн Алга айылынын тургуну өздүк тасмасын жөнөтүп, Халмион базарынын айланасындагы тоодой болуп үйүлгөн таштанды көйгөйү менен бөлүшкөн. Жергиликтүү тургундун пикиринде аталган базардын ичиндеги жол бою дааратканага айланып, таштандыга толгон. Ансыз да таза суусу жок, арыктан суу ичкен элдин суусунун үстүнө таштандылар түшүүдө. 

"Айыл өкмөтү дегеле бул жакты карабайт, элге айып салып, чара көрүш керек. Антпесе, базардын тегерегинин бары акыр-чикирге толду. Шамал болгондо бул таштандылар учуп, ылдыйдагы Алга айылына кирген арык суунун үстүнө түшөт. Ал эми айылда таза суу жок болгондуктан эл ушул арыктан суу ичет. Айыл өкмөтү элди карабайт экен, элдер таштаган, базардан чыккан таштанды бир топ жерди каптап, таштанды төгүүчү жайга айланып кетти, чара көрүлбөсө болбой калды. Кадамжай районунун санэпидемкөзөмөл кызматы, экотехинспекция дегендери бул жакты карабастан, базардагы соодагерлерден акча өндүрүү аракети менен эле жүрүшөт. Урматтуу телеберүү ушул маселени чагылдырсаңыздар, айыл өкмөткө, тиешелүү кызматтарга  айып салып, тазалыкты камсыздоого жардам берсеңиздер ",- деп өтүнүчүн билдирген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате