http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Аялдамалардын алды тазаланбай эле, автоунааларга толуп калды

Элдик репортер: Аялдамалардын алды тазаланбай эле, автоунааларга толуп калды

10 Янв , 16:21 289

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын көпчүлүк аялдамалары такси айдаган айдоочулардын унаа токтотуучу жайына айлангандай. Ал эми коомдук транспортту күткөн эл жолдун ортосуна чейин чыгып, олтурууга аргасыз. Аялдамалардагы мындай башаламандык көп жерде болгонуна карабастан, тийиштүү мекеме өкүлдөрүнөн эч кандай чара көрүлбөй келет. 

Мисалга, эски вокзалдагы жолдун  эки тарабында тең жайгашкан аялдамалардын алды учурда таксисттерге толуп турат. Коомдук транспорт күткөндөргө аябай эле жолтоо болот. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате