http://www.ktrk.kg/Кыргызстандын жаратылыш парктарында келгин куштардын түрү көбөйүдө

Кыргызстандын жаратылыш парктарында келгин куштардын түрү көбөйүдө

11 Янв , 10:07 448

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында жапайы жаныбарлар менен Кызыл китепке кирген келгин куштардын түрү улам көбөйүп жатат. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Мындай бүтүм жасоого "Алатай" жаратылыш паркына коюлган фотокапкандарга түшкөн сүрөттөр негиз болгон. 

Байкоочу камералар былтыр ноябрда орнотулган. Парктын жалпы аймагы 56 миң 826 гектар. Ал жерден Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, аюу, суусар сыяктуу жаныбарларды кезиктирүүгө болот. 

Булардан сырткары, сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын 200дөн, сүт эмүүчүлөрдүн 30дан, ал эми өсүмдүктөрдүн 260тан ашуун түрү бар. Өсүмдүктөрдүн 14 түрү дарылык касиетке ээ экендиги айтылат. Учурда Кыргызстанда жапайы канаттуулардын 400дөн ашык түрү жашайт, алардын 57си Кызыл китепке киргизилген. Жылына жапайы канаттуулардын 350 түрү учуп келет.

Новости по дате