http://www.ktrk.kg/Дүйнөлүк көчмө сүрөт көргөзмөсү Кыргызстанда

Дүйнөлүк көчмө сүрөт көргөзмөсү Кыргызстанда

11 Янв , 11:04 484

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөлүк пресс фото сынагында алдыңкы орунду алган фотожурналисттердин сейрек кездешүүчү сүрөттөрүнөн турган көчмө көргөзмө дүйнө жүзүн кыдырып, Кыргызстанга келди. Бишкек шаарында 24-январга чейин "World Press Photo" деп аталган сүрөт көргөзмө өтөт.

Эл аралык прессфото көргөзмөсүндөгү сүрөттөрдүн дээрлик көпчүлүгү кайгылуу окуяларды чагылдырат. Мисалы, бул сүрөттө Ирактагы батыш мосулдук эне ок атуулардан каза тапкан баласын жоктоп ыйлап жатат. А мында болсо, эч нерсеси калбай талкаланган үйүнүн алдында олтурган аял, Ирактын жарандык коргонуу кызматкерлери анын жакындарынын сөөктөрүн казып чыгарып жатканын карап олтурат.

Булар 45 мамлекет катышкан Эл аралык прессфото сынагында жеңишке жеткен фотожурналисттердин эмгектери. Айлана-чөйрө, дүйнө жүзүндөгү көйгөйлөр, экологиянын булганышы, спорт жана дүйнө элинин жашоосун чагылдырган сүрөттөр Бишкек шаарында көргөзмөгө коюлду.
Сүрөттөр бир жыл ичинде дүйнө жүзүндө болгон ар түрдүү окуяларга сары эсеп салып, адамдарды жашоо, өмүр тууралуу ойлонууга багыттайт. Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан иш-чаранын максаты - өлкөдөгү фотожурналисттердин тажрыйбасын жогорулатуу.

Эл аралык сынакка акыркы жылдары кыргызстандык фотожурналисттер да катыша баштады. Алардын бири жаш сүрөтчү Данил Усманов. Ал көргөзмөгө алгачкы эмгегин былтыр жөнөткөн. Азыр да дүйнөлүк прессфото сынагына жөнөтө турган сүрөттөрдү топтоп, чоң долбоордун үстүндө иштеп жатканын айтат.
1955-жылы голландиялык сүрөтчү дүйнө жүзүнө өзүнүн эмгектерин көрсөтүү үчүн Эл аралык прессфото сынагын уюштурган. 61 жылдан бери 45 мамлекеттин жүздөгөн шаарларында көргөзмөлөр уюштурулуп, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү белгилүү фотожурналисттердин сынагына айланды. 2018-жылы сынакка 4500дөй катышуучу 73 миңден ашуун фото сүрөт койгон.


Новости по дате