http://www.ktrk.kg/Нарында кышкы эс алуучу жай ачылды

Нарында кышкы эс алуучу жай ачылды

11 Янв , 11:41 4073

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындагы эс алуучу жайда учурда жергиликтүүлөрдөн сырткары чет өлкөдөн келгендер да убакытты көңүлдүү өткөрүшүүдө.

Бул өзгөчө кооз жерди Нарын облусундагы биринчи туристтик база деп койсок болот. Кылычын кайраган кычыраган суук дагы дал ушул жерде өкүм сүрөт. Бирок ага карабастан бул жерге келген коноктордун саны арбын. Алардын көбү чет жактан келген туристтер. 

"Чар" эс алуу жайында учурда Италия, Франция жана Германиядан келгендер арбын. Ал эми турбазанын эң биринчи максаты чет жактан келгендерге кыргыздын каада-салтын, меймандос элдин сыйын көрсөтүү.
Былтыр эс алуу жайы үчүн жемиштүү жылдардан болду. Жогорку чыңалуудагы электр зымын тартып, жаркыраган жаңы мейманкана салынды. Анткен менен дагы жасалуучу иштер бар. Алдыда жолун кеңейтүү жана интернет байланышын тартуу керек.

Быйыл Чар жайлоосуна 50 сантимертден ашык кар түштү. Тоодон зымырап муз тебүүгө жакшы шарт түзүлдү. Келечекте дагы курулуштар жүрүп, облуска пайда алып келүүчү чоң муз тебүүчү жайга айланмакчы. 



Новости по дате