http://www.ktrk.kg/Элчиликке талапкерлер көрсөтүлүп, сунушталууда

Элчиликке талапкерлер көрсөтүлүп, сунушталууда

11 Янв , 12:05 1194

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Россиядагы элчилигине экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги көрсөтүлүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Маалым болгондой, бул сунушту Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-январдагы жыйынында карайт. Жекшенкуловдун талапкерлигин парламент колдосо, Орусиядагы элчилик миссиясы аяктаган Болот Отунбаевдин ордуна барат. 

Ал эми Болот Отунбаев Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун ордуна барышы мүмкүн. Отунбаевдин талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылган соң Президенттин Аппараты сунуштады. 

Ошондой эле, тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кылычбек Султанов иштен кеткенден кийин бош турган Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматына сунушталып жатат.

Новости по дате